Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Ишенбай Кадырбеков ага кызмат сунушталбаганын билдирди


БИШКЕК. №33 Нарын шайлоо округу боюнча талапкер болгон Ишенбай Кадырбеков Нарын облусунун бюджеттик мекеме кызматкерлеринин баары 20-мартта боло турган шайлоого карата айылдарга жөнөтүлдү деп 18-мартта билдирди. Анын айтымында, мындай аракет бардык талапкерлерге каршы добуш берүүгө ниеттенген шайлоочулар арасында каршы добуш бербөөгө үндөө үчүн жиберилди. Ал эми Нарын облусунун губернатору Шамшыбек Медетбеков мекеме кызматкерлери үгүт иштерин жүргүзүү үчүн эмес, шайлоо маалында коопсуздукту сактап, тартипке көзөмөл салуу үчүн жөнөтүлгөндүгүн билдирип, алар шайлоо жараянына кийлигишпесин баса белгиледи. Ал эми Ишенбай Кадырбеков өзүнө мамлекеттик жогорку кызмат ордун берүү жөнүндө бийликтин бир да өкүлү кайрылбагандыгын билдирип, ага вице-премьер министрлик кызмат сунушталып жатат деп №55 Бакайата округу боюнча талапкер болгон Равшан Жээнбековдун «Лимон» гезитине берген интервьюсундагы маалыматын жокко чыгарды.

XS
SM
MD
LG