Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Казакстандык байкоочулар шайлоого баа беришти


БИШКЕК. Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн Казакстандагы жаш кесипкөйлөр коомчулугу өз жыйынтыгын жарыялады. Маалымат каражаттарынын иши боюнча берген баасында казакстандык байкоочулар добуш берүү алдында «Азаттык» радиосу өчүрүлдү, көз карандысыз басмаканага электр энергиясын берүү токтотулду, ал эми мамлекеттик телеканалда кээ бир талапкерлерди жаманатты кылган маалыматтар таратылды, бардык эле талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок, деп белгилешкен. Байкоочулар ошондой эле добуш берүү күнү үгүт иши жүргүзүлгөнүн, №1 Университет шайлоо округунда протоколдорду кайра көчүрүп жазуу фактысы орун алганын, демек, ал округдагы шайлоонун жыйынтыгы күмөндүү экендигин билдиришкен. Казак байкоочулары ошондой эле шайлоочулардын тизмесин түзүүдө кемчиликтер арбын экенин белгилеп, шайлоонун жетишкендиги катары элдин активдүүлүгүн, бармакка белги коюу жана уюштуруу иштеринде алга жылуу бардыгын айтышкан.

XS
SM
MD
LG