Пентагондун кызматкерлери менен жолугуп, Доналд Рамсфелд эл аралык коалиция ыдырай баштаганы тууралуу кептерди кайбат деп атады. Тескерисинче, кайсы бир өлкөлөр Ирактан аскерлерин алып кетсе, экинчилери коалицияга толуктоо жибермекчи. Коалициянын күч-аракети менен Ирактагы кырдаал ойдогудай оролго түшө баштады. Рамсфелддин айтымында, баас партиясынын көзөмөлүнөн кутулган ирак экономикасы өсүп жатат, качкындар үй-жайларына кайта баштады,чет элдик инвестициянын көлөмү артып баратат. Жакынкы Чыгыштын толтосунда – бир кезде зулумдук жана террор байырлаган жерде - Ирак эркин өлкөгө айлана баштады.