Багдадда Иорданиянын элчилиги алдындагы нааразылык демонстрациясына эки миңдей киши, негизинен шейиттердин өкүлдөрү катышты. Быйыл февралда Багдадда бомба жарылып, андан 120 киши набыт болгон эле. Демонстранттар бул балааматты иордан жараны уюштурган деп эсептешет. Ал эми түндүктөгү Киркук шаарындагы демонстрацияга жергиликтүү шейиттер менен түркмөндөр катышып, күрттөрдү шаарды бүт бойдон өз көзөмөлүнө алганга умтулуп жатканы үчүн айыпташты.