Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Каракөл, Базаркоргон, Ноокенде да нааразылык акциялары уланып жатат


ЖАЛАЛАБАТ. Каракөл шаарындагы президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган митингге шаардын жүздөй тургуну катышып, алар «Аскар Акаев кетсин, бийликти бир колго топтоо оор кылмыш менен барабар» деген тасмаларды кармап турушту. Ноокен районунда жогоркудай талап менен нааразылык акциясын өткөргөн «Атамекен» партиясынын сексен мүчөсү “Аскар Акаев бийликтен кетсин!” деп ураан чакырышып, бийлик имаратын ээлөөгө аракет кылышты. Президенттин саясатын жактаган бийлик уюмдарынын кызматчылары да атаандаш митинг уюштурушуп, “атамекенчилерди” имаратка жакындатышкан жок. Базаркоргон райондук бийлигинин имаратында 16-марттан бери үч жүздөн ашуун адам бийлик алмашууну талап кылууда. Бул тууралуу Элдик кыймыл менен «Атажурт» бирикмесинен билдиришти.

XS
SM
MD
LG