НАРЫН. Пикетчилер ээлеп алган Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын маңдайындагы казына, салык кызматтары жайгашкан имараттын терезесинен туруп, пикетчилерди камерага тартып жаткан Нарын облустук телерадио компаниясынын журналисти Эсенгул Жунушовду жана Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусундагы бөлүмүнүн кызматкери, майор Бакыт Осмоновду кармап алышты. Пикетте жүргөн Бурул Сартова, сизден интервью алабыз дегенинен кире калсам муунтуп сабады, деди. Ага тез жардам чакырылды. Ал эми Кочкор райондук казына бөлүмүнүн башчысы Нуркалый Исмаилов, акимдин орунбасары Какен Азизов кабинетимди ачып бер деген, деди. Ызы-чууга келген Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусунун начальнигинин орунбасары Азамат Керимкуловду, ал жерде жүргөн башкы опер Бакыт Мамытовду эл акимиатка киргизип, кетирбей жатышат. Облустук телерадио компаниянын журналисти Эсенгул Жунушовдун эмне себептен коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен жашырынып камерага тартканын тактоо максатында түшүнүк жаздырышты. Андан сырткары бул иш боюнча акт түзүлдү.