Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Туратбек Андашевдин арызын Жогорку сот канааттандырган жок


БИШКЕК. 19-мартта Жогорку сот №59 Чүй округунан парламентке талапкер болгон Туратбек Андашевдин доо арызын карап, негизсиз деп тапты. Ага нааразы болгон Андашевдин шайлоочулары 20-мартта №59 округда өтүүчү шайлоонун экинчи айлампасында баардыгына каршы добуш бере тургандыгын билдиришти. Ошондой эле аткаруу бийлигинин мыйзамсыз аракеттерине нааразылык иш чараларын өткөрүп, митинг, пикеттерди уюштуруп, Ош, Жалалабат облустарындагы элдин президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү демилгесин колдой турган болушту.

№59 Чүй округунан парламентке талапкер болгон Туратбек Андашев шайлоонун биринчи айлампасында атаандашы Айдарбек Керимкуловдон көп добуш алып, шайлоонун экинчи айлампасына чыккан. Анын атаандаштары шайлоодо добуш сатып алган деген кине менен округдук шайлоо комиссиясына арыз жолдоп, Туратбек Андашев шайлоодон четтетилген. Мындай чечимге нааразы болгон анын 300дөн ашуун шайлоочулары 11-12-мартта Чүй облусундагы Ивановка айылына жакын жерде Бишкек-Торугарт автожолун буушкан.

XS
SM
MD
LG