Ливандын борбору Бейрут шаарында бүгүн түндө бомба жарылгандан кеминде жети адам жараат алды. Бомба машинеге жүктөлгөн жана Бейруттун христиандар жашаган бөлүгүндө жарылды. 14-февралда Бейрутта өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Харири өлтүрүлгөндөн бери Ливанда дээрлик күнүгө антиөкмөттүк митинг-демонстрациялар өтүп жатат, отуз жылдан бери Ливанда жайгаштырылган сириялык аскерлер болсо өлкөдөн чыгарыла баштады.