Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

Исламдык таат-ибадатты алгачкы жолу аял-динаятчы өткөрдү


Кечээ күнү Нью-Йорк шаарындагы бир сыйынуучу жайда динаятчы айым исламдык таат-ибадат өткөрүп, чогулгандарга намаз окутту. Имараттын алдына бир нече адам чогулуп каршылык көрсөттү, Йордания менен Мисирдин диний жетекчилери дагы аны сынга алды. Ибадатты өткөргөн профессор Амина Вадуддун айтымында, жаңылыктын пайдасын жакында баары түшүнөт:

- Мен ишенем, бул жаңылыктын пайдасын жакында ар бир мусулман аял, ар бир мусулман эркек сезет, анткени ал Аллага берилгендиктин далили, - дейт Амина Вадуд.

Бирок Нью-Йорктогу мечиттер жана башка исламдык түзүлүштөр Вадуд айымдын намазы үчүн жай берүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG