БАТКЕН. Саат 13төрдө Баткен шаарынын борбордук аянтын көздөй «Акаев кетсин» деген талап менен келе жаткан эки жүзгө чукул адамды бийлик өкүлдөрү жана парламенттик шайлоодо Баткен шайлоо округу боюнча алдыга чыккан талапкер Арзыбек Буркановдун тарапкерлери тосуп алышты. Алар демонстранттардын кетип калуусун талап кылышып, натыйжада эки тарап тирешип калды. Ошол учурда милиция кызматкерлери нааразы тараптын он беш чакты активдүү өкүлдөрүн күчкө салып,сүйрөп чыгып атайын даярдалган автоунааларга салып кетишти. Аларды арасында кары кемпир, чалдар да бар. Калган элди бийлик өкүлдөр менен аталган талапкердин тарапкерлери кубалап, таратып жиберди. Бул окуядан көп өтпөй оппозициячыл Нооман Аркабаев менен «Жаны Кыргызстан» партиясынын облустук бөлүмүнүн башчысы Бакир Имаровду иш бөлмөсүндө отурган жеринен милиция кызматкерлери кармап кетишти.