Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Өкмөт башчы өлкөдөгү кырдаал тууралуу пикирин билдирди


БИШКЕК. Өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча премьер-министр Николай Танаев менен маек 20-март күнү кечинде кыргыз улуттук теле корпорациясы аркылуу коомчулукка көрсөтүлдү. Өкмөт башчы өз сөзүндө Жалалабад обласындагы нааразылык иш чаранын катышуучуларына ички иштер министрлиги тарабынан курал колдонулган жок деп билдирди. Ошондой эле ал топтошкон элдин арасында мас абалында адамдар бар деген пикирин айтуу менен топтошкон эл Ички иштер министрлигинин областтык башкармалыгынын паспорт бөлүмүнүнүн имаратын өрттөп, аэропортту ээлеп алгандыгын билдирди. Николай Танаев кырдаалды жөнгө салуу үчүн нааразылык акция уюштуруучулардын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүлө тургандыгын эскертти:
- Биз сүйлөшүү тууралуу нааразылык акция жетекчилери менен макулдаштык. Сүйлөшүү жүргүзөбүз, - деген өкмөт башчы Николай Танаев атуулдарды токтоолукка чакырды.

XS
SM
MD
LG