Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясына башкатчынын уюмду реформалоо багытындагы сунуштары берилет


БУУну реформалоо планы уюмду дүйнөдөгү азыркы шарттар менен талаптарга ылайыкташтырууга багытталган. Башкатчы Кофи Аннандын бүгүн уюмдун Башкы ассамблеясынын делегаттарына берилүүчү докладында айтылган сунуштардын бири – Коопсуздук кеңешинин курамын кеңейтүү. Кофи Аннандын пикиринде, Коопсуздук кеңешинин курамы кеңейтилүү менен ал дүйнөдөгү азыркы саясий жагдайды чагылдырышы керек. Мындан сырткары БУУнун Адам укуктары комиссиясы да реформаланып, анын ордуна түзүлүүчү жаңы мекеме комисиянын даррегине айтылып жүргөндөй, ал өз катарына адам укугун бузган өлкөлөрдү да кошуп алгандыгы тууралуу айыптоолордон арылышы зарыл. Сунуш кылынган реформалар күчүнө киргенге чейин БУУнун дүйнө лидерлеринин катышуусу менен быйыл сентябрда өтүүчү саммити, андан соң уюмдун Башкы ассамблеясы тарабынан жактырылышы керек.

XS
SM
MD
LG