Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Израиль өкмөтү жөөт конуштарын кеңейтүүнү көздөөдө


Палестин автономиясынын ырасмий өкүлү Саеб Эрекат Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жөөт маалелерин кеңейтүү пландарын айыптады. Тельавив өкмөтүнүн аталган аймакта 3,5 миң турак-жай куруу чечими Жакыңкы Чыгыш тынчтык процессин жандантуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратат деп билдирди Эрекат. Израиль бул жөнүндө эч кандай комментарий жасай элек. Жергиликтүү гезиттердин маалыматына ылайык өкмөт жөөттөрдүн эки ири конуштарын байланыштыруу үчүн 3,5 миң үй тургузуу планын жактырды.

XS
SM
MD
LG