Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Вашингтон Тегеранга айрым коопсуздук кепилдиктерин бериши керек


Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттиктин жетекчиси Мохамед Эл Барадеи европалык арачылар Иранды атомдук программасынан баш тарттырууга көндүрүү аракетин көрүп жаткан кезде Вашингтон Тегеранга айрым коопсуздук кепилдиктерин бериши керек деген көз карашын билдирди. Франция, Германия жана Британия Иран өзөктүк отун байытуудан баш тартса, өлкөгө экономикалык жана саясий жардам берүүгө убада кылышууда. АКШ Иранды жең ичинен атомдук курал жасоонун үстүнөн иштеп жатат деп айыптап келатат. Тегеран болсо өлкөнүн өзөктүк программасы тынчтык максаттарды көздөйт деп, Вашингтондун айыптоолорун четке кагууда.

XS
SM
MD
LG