Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Өлкөдөгү кырдаалды үчүнчү күч пайдаланышы ыктымал


БИШКЕК. Ош жана Жалалабат облусундагы массалык чыгууларды үчүнчү күч, башкача айтканда, экстремисттик, террористтик уюмдар өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышы ыктымал. Мындай пикирин 21-мартта түз эфирде сүйлөгөн сөзүндө президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев билдирди. Ал оппозиция экстремизмге ыктаган акыркы чараларга барып жатат, бирок оппозиция кырдаалды толук көзөмөлгө алууга кудуреттүүлүгүнө күмөнү барын билдирди. Ушул эле күнү «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева кырдаалды оппозиция көзөмөлгө алууга толук мүмкүнчүлүгү барын билдирди. Ушул эле күнү кечинде мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун катышуусунда өткөн «Саясат» телеберүүсүндө Ош жана Жалалабат облустарындагы нааразылык акциялары үчүн оппозиция сынга алынды.

XS
SM
MD
LG