Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Украина Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакыртып алды


БИШКЕК. Украина Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Александр Балдынюкту чакырып алды. Мындай маалыматты Украинанын Тышкы иштер министрлиги тараткандыгын «Ураинформ» агенттиги жазып чыкты. Агенттиктин жазганына караганда, Украин өкмөтүнүн мындай кадамдарга барышына Александр Балдынюктун Кыргызстандагы соңку кырдаал боюча Жалалабат обласынын губернатору Жусупбек Шариповго колдоо көрсөткөн билдирүүсү себеп болгон. Мындай маалыматты Украинанын Кыргызстандагы элчилиги жок же бар деп жокко чыгарган жок. Эскерте кетүүчү нерсе - Алекстандр Балдынюк 20-мартта билдирүү таратып, Жалалабат обласынын губернаторун колдоорун жана областтагы кырдаалдын жөнгө салынышына тилектеш экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG