Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Курманбек Бакиев президент Аскар Акаев эл менен жолугушушу керек деген пикирде


БИШКЕК. Өлкөдөгү соңку курчуп кеткен саясий кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекет башчы Аскар Акаев оппозиция өкүлдөрү менен жолугушушу керек. Мындай пикирин курамына Кыргызстан элдик кыймылы, «Атажурт», «Жаңыбагыт» саясий күчтөрү жана башка белгилүү саясатчылар киришкен Эл биримдиги координациялык кеңешинин башчысы Курманбек Бакиев 21-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында журналистерге билдирди. Анын айтымында, буга чейин АКШ, Германия жана ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчылары өлкөдөгү соңку кырдаалды жөнгө салууга ортомчулук кылуу сунушу менен Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылышкан. Курманбек Бакиевдин айтымында, президенттик администрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков аларга мамлекет башчы Аскар Акаев оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө даяр эместигин билдирген. Болот Жанузаковдун өзү 21-мартта улуттук телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө оппозиция өкүлдөрү сүйлөшүүгө макул болбой жатышат деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG