Бул тууралуу Москвадан Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Бенита Ферреро –Вальднер билдирди. Анын айтымында, апрелдин ортосунда Чеченстанга келүүчү делегация Түндүк Кавказдын башка республикаларында да болот. Ал топ Евробиримдик Чеченстанды калыбына келтирүүдө кандай жардам көргөзө аларын аныктамакчы.
Мунун аралыгында "Хьюман Райтс Уочт" уюму Евробиримдикти БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясынын жылдык жыйынында быйыл орус бийликтеринин Чеченстандагы аракеттерин айыптабоо жөнүндөгү чечими үчүн сынга алды. "Хьюман Райтс Уочтун" пикиринде, Чеченстанда "адамзатка каршы кылмыш жасоо" уланууда.