Израил армиясынын билдиргенине караганда, шаар кечээ кечинде тараптар бул маселе боюнча эки ортодогу пикир келишпестиктерди чече алган соң өткөрүлдү. Өткөн аптада палестиндердин көзөмөлүнө Иордандын Батыш жээгинен Йерихон шаары берилген эле. Жакын арада ушундай эле чечим Калькилия шаары боюнча да кабыл алынаары күтүлүүдө. Иордандын Батыш жээгинен беш шаарды палестиндердин көзөмөлүнө берүү жөнүндөгү макулдашуу Израил менен Палестинанын өткөн айда Египетте болгон саммитинде жетишилген.