БИШКЕК. 22-мартта жаңы Жогорку Кеңеш алгачкы сессиясында төрт бөлүктөн турган токтом кабыл алды. Анда кыргыз калкына кайрылуу, өлкөдө өзгөчө кырдаалды киргизүү, абалды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү маселелери камтылган. Өзгөчө кырдаалды киргизүү демилгесин президенттин кызы Бермет Акаева колдоп, мамлекет башчысынын оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө баруусуна каршы чыкты. Ал эми депутаттар Темир Сариев, Алишер Сабиров буга каршы болуп, өзгөчө кырдаалды киргизүүгө бийлик кудуретсиз экендигин, өлкөдөгү кырдаал сүйлөшүү жолу менен чечилиш керектигин айтышты. Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан өкмөт башчы Николай Танаев да оппозиция менен алар келтирилген зыяндарды калыбына келтирип, мыйзамдарды сактоого бармайынча эч кандай сүйлөшүү болбосун билдирди. Мындан бир нече күн мурун Кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу чыккан Николай Танаев Жалалабаттагы оппозиция лидерлеринин бири Бектур Асанов менен сүйлөшкөнүн жана өкмөт мындан ары да оппозиция менен сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдирген эле.