ӨЗГӨН. “Элим өз тагдырың өз колуңда. Мадумаровдун мандатын талап кылабыз”
деген плакаттар акимчиликтин эшигинде илинип турат. Акимчиликтин имаратын азырынча нааразылык менен чыккандар ээлеп турушат. Район акими Батыр Тойчиев баштаган команда имаратты калтырып кетишкен. Митингге чыккандардын айтымында, аким жана башкалардын иштөөсүнө тоскоолдук жок. Кайра жергиликтүү жетекчилер нааразы болгон элдин талабын тиешелүү жерлерге, президентке жеткирип турушса жакшы болмок дешет. Акимчиликти ээлеп алгандар күнү-түнү дебей жогорку жактан бир жооп күтүп жатышкандай. Бир нече жолку кайрылуулары азырынча жоопсуз калып келет. Алардын коопсуздугун сактоодо райондук милиция кызматы тарабынан көзөмөлгө алынууда, ал эми 21-март күнү райондун борборунда жылдагыдай болуп Нооруз майрамы өткөрүлгөн жок.
Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор Кубат Оторбаев.