Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

КТРдин журналисттери бир жактуу көрсөтүүлөргө каршы


БИШКЕК. 22-мартта Кыргыз улуттук телекөрсөтүүнүн журналисттер тобу мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин катышуусунда берүүлөрдү уюштурууга каршы экендиктерин билдиришип, андай программаларды көрсөтүүнү токтотууну талап кылышты. Алар ушундай талап менен КТРдин президенти Сыртпай Мусаевге киришип, журналисттердин талабын мамлекеттик катчы менен президенттин басма сөз катчысына жеткирүүнү талап кылышты. Журналисттер мындай талап жазылган билдирүү кабыл алышып, анда акыркы кырдаалга байланыштуу Осмонакун Ибраимов жана Абдил Сегизбаев алып барган түз эфирдеги көрсөтүүлөр элдин кыжырын келтирип, нааразылыкты күчөтүп, Улуттук телеканалдын беделин түшүрүп жаткандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG