Муну менен Россия ядролук салакалар үчүн жарандык жоопкерчиликтер аныкталган Вена келишимине кошулду. Конвенцияны орус думасы 11-мартта жактырып,тийиштүү мыйзам кабыл алган эле. Мыйзамга бүгүн президент Владимир Путин кол койду. Конвенция 1977-жылы ноябрда күчүнө кирген, азыр ага дүйнөдөгү отуз мамлекет кошулган. Документте бейаскерий ядролук обьекттердегы кырсыктардан улам жапа чеккен жарандарга жана коңшулаш өлкөлөргө зыянпул төлөп берүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары аныкталган.