Президент Аскар Акаев жыйында сөз сүйлөп, шайлоо мыйзамдуу өткөнүн белгиледи. Өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаал, президенттин айтымында, жакын арада жөнгө салынат, бирок бул иште кеңири күч колдонулбайт. Парламент президентти өлкөдө чукул абал жарыялоого чакырган токтом кабыл алды. Мунун алдында президенттин басма сөз катчысы түштүк регионун мамлекеттик төңкөрүш жасагысы келген кылмыштуу топтор контролдоп жатат деп билдирген эле. Ушул эле күнү Бишкекте бир нече укук коргоочу активист кармалды. Алардын бирин – адам укуктары жана эркиндик институтунун директору Топчубек Тургуналиевди - ички иштер органдарында суракка алып, кайра бошотушкан. Ал эми Жалабадда, Ошто жана Таласта нааразылык митингдери уланууда. Баткен областындагы Кадамжай райондук акимчиликтин имаратын да демонстранттар ээлеп алышты.