Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Беларусиянын оппозициясы АКШдан каржылык жардамды көбөйтүүнү суранды


Мындай өтүнүч беларус оппозициясынын лидерлери өткөн аптада Вашингтондо болгон иш сапары учурда айтылды. Оппозициядагы Бириккен Граждандык партиясынын лидери Анатолий Лебедконун Минскидеги маалымат жыйынында билдиргенине караганда, беларус бийликтери АКШ жардамды көбөйттү деп ырастаганы менен чынында соңку кездери Вашингтондун бейөкмөт уюмдарга, көз карандысыз маалымат каражаттарына бөлгөн жардамы азайган. Оппозиция лидерлери менен Вашингтондо бирге болгон укук коргочу активист Людмила Грызунованын айтымында, алар өз иш сапары учурунда АКШ администрациясынын жана Конгресстин өкүлдөрүн каржылык жардамды көбөйтүүгө чакырышты.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.

XS
SM
MD
LG