Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Араб лидерлери Израилге кайрадан тынчтык демилгеси менен чыгууну макулдашты


Араб лидерлери муну учурда Алжирде өтүп жаткан самитте макулдашкан. Ал Израилге араб өлкөлөрү менен мамилесин оңдоо үчүн 1967-жылкы жөөт –араб согушуна чейинки чек араларга кайтууну сунуш кылууну карайт. Бул тууралу расмий түрдө бүгүн жарыяланары күтүлүүдө. Алгач 2002-жылы сунуш кылынган тынчтык демилгесин Израил четке кагып келген болчу.

Араб Лигасынын башкатчысы Амр Мусанын кечээги билдирүүсүнө караганда, Израил эч нерсе кайтарбай туруп, араб өлкөлөрү менен мамилеси оңолорун күтпөшү керек. Амр Мусанын айтымында, араб өлкөлөрүнүн Израил менен алака орнотуу жараяны анын оккупацияланган аймактардан кетиши жана Палестин мамлекетинин түзүлүшү менен бирге жүрөт.

Алжирдеги саммитке араб лидерлеринен иордан падышасы Абдалла, Саудиянын мураскор ханзаадасы Абдалла, Ливандын президенти Эмил Лахуд келген жок. Араб лигасына 21 өлкө жана Палестин автономиясы мүчө.

XS
SM
MD
LG