Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

"Арнамысчылар" сурак берип чыгышты


Кечээ - 22-мартта "Арнамыс" партиясынын Саясий кеңешинин мүчөлөрү Эмил Алиев менен Абдысапар Баялинов Бишкек ички иштер башкармалыгына сурак берип чыгышты.

Алар «Кылмыш жаза» кодексинин үч беренеси боюнча ачылган кылмыш иши боюнча чакырылып, суракка алынышты. Бишкек ички иштер башкармалыгы Кылмыш кодексинин 28-, 295- жана 297-беренелери боюнча бийликти күч менен тартып алууга аракет деген негизде мурда иш ачышкан. Эмил Алиев менен Абдысапар Баялиновго конкреттүү айып коюлган жок.

22-мартта белгилүү оппозиционер Топчубек Тургуналиев да кармалып, андан кийин бошотулган. «Асаба» партиясынын активисти Дөөлөт Нусупов да Бишкек милициясы тарабынан кечээ кармалып, суракка алып кайра бошотулду.

Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири Мелис Эшимканов дагы кечээ Бишкек ИИМинде суракка алынды

XS
SM
MD
LG