Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Тоң эли Бишкекке келүүгө даяр


БИШКЕК. Ысыккөл облусунун Тоң районунун эли Бишкекке президент Аскар Акаев отставкага кетсин деген талап менен келүүгө даяр. Бул тууралуу 23-мартта «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин экс-депутаты, №75 Тоң шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Арслан Малиев билдирди. Анын айтымында, Тоң районунун тургундары эми Малиевдин депутаттыкка талапкер болуу укугун коргоо талабы эмес, өлкө башчысы Аскар Акаевди кызматынан кетирип, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талаптарын коюшат. №75 Тоң шайлоо округунда парламенттик шайлоо 13-мартта өтүп, шайлоочулардын 67 пайызы талапкерлерге каршы добуш беришкен. Анткени алар соттун чечими менен талапкерлиги алынып салынган Арслан Малиевди колдошоорун билдиришкен. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин маалыматы боюнча бул округда парламенттик шайлоо бир айга жетпей өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG