Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Нурсултан Назарбаев Кыргызсандын элине кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. 23-мартта Казак Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын элине кайрылуу жолдоду. Анда кыргыз-казак элинин кылымдардан берки келаткан каада-салтына, эки элдин мүнөзүнө ылайык айкөлдүгү башка бир күчтөрдүн кайраштыруусуна жол берген эмес. Калк арасындагы “Сабырдын түбү сары алтын” деген ылакапка терең маани берип, бир тууган кыргыз элин сабырдуулукка, улут арасындагы ынтымакка чакыраары айтылат. Ошондой эле Назарбаев казак-кыргыз элинин ортосундагы экономикалык, маданий, достук байланышы, бир туугандыгы Кыргызстандагы азыркы болуп жаткан кырдаалга Казакстанды кайдыгер калтырбастыгын белгиледи. Ал Казакстан тарап Кыргызстандын бейпилдиги үчүн ара тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ушул эле күнү Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратып, түштүктөгү түзүлгөн оор кырдаалга тынчсызданып жатышканын билдирген. Кыргыз элин сабырдуулукка, саясий стабилдүүлүктүү сактоого, чагым салуучу кандайдыр бир үчүнчү күчтөрдүн азгыруусуна алдырбоого чакырган.

XS
SM
MD
LG