Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Атуулдук коомду колдоо борбору кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. 23-мартта Атуулдук коомду колдоо борборунун ассоциациясы кайрылуу жолдоду. Анда Жалалабат, Ош облустарындагы куралсыз адамдарга, аялдарга, жаштарга бийлик тарабынан күч колдонушу сынга алынып, күч колдонуу ыкмасы эрегишүүнү күчөтүп, кагылышууларга алып келиши айтылат. Мындан үч жыл мурдагы Жалалабат облусунун Аксы районундагы кандуу окуя кайталанбашы үчүн өлкөдөгү саясий күчтөрдү курал колдонбоого, бейкүнөө адамдарга күч көрсөтпөөгө чакырган. Түштүк элин баш мыйзамдын чегинде митинг, пикеттерди өткөрүп, чагым салуучуларга, улут аралык кагылышууларга жол бербөөгө үндөгөн. Ошондой эле аткаруу бийлиги мамлекеттик массалык маалымат каражаттары аркылуу болуп жаткан окуяларды жана оппозициянын талаптарын так, акыйкат, туура маалымат менен камсыз кылуусу айтылган. Кайрылуу жолдоочулар, президентти Конституциянын кепили катары коомдогу түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу оппозициячыл саясатчылар менен тез аранын ичинде сүйлөшүүгө барып, эки тарапты кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG