Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Стивен Янг кыргыз өкмөтүн жалган маалымат тараткандарга каршы чара көрүүгө чакырды


БИШКЕК. АКШ элчилигинин ырасмий бланкасына 2004-жылдын 30-декабырында жазылган документ АКШнын Кыргызстанга жана Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө болгон саясатына жалаа жабуу максатында жасалган деп билдирди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг 23-мартта “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде. Анын айтымында, жалган документ АКШ өкмөтүнө тиешеси жок адам же адамдардын тобу тарабынан жасалмаланган. Бул жасалма документ АКШнын элчилигинин көз караштарын чагылдырбайт. Тескерисинче Кыргызстан элине жалган маалымат берип, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерге зыян келтирүүдө. Биз Кыргызстандын өкмөтүн бул документти айыптоого жана мындан аркы таркатылышын токтотуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырабыз, деген Стивен Янг.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын “Шайлоо алдындагы кырдаал жөнүндө” жашыруун доклады деген аталышта JAMAAT-E-ISLAMI, PAKISTAN аттуу уюмунан алынган маалымат кыргыз-орус-англис тилдеринде гезитке басылып 22-мартта Бишкектин борбордук Алатоо аянтында өкмөт тарабынан өткөрүлгөн Жогорку окуу жайлардын студенттери катышкан митингден кийин таркатылган.

XS
SM
MD
LG