Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Ош шаарына борбордук бийликтин өкүлдөрү барышты


ОШ. 23-мартта Ош шаарына өлкөнүн коргоо министри Эсен Топоев, Жогорку Кеңештин депутаты Ташкул Керексизов жана башка депутаттар коргоо министрлигинин тик учмасы менен келишти. Алар менен облустук Элдик Кеңештин төрагасы Анвар Артыков жана парламенттин экс-депутаты Дүйшөн Чотонов жолугушту. Жолугушууда оппозициянын өкүлдөрү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн биринчиден, Болот Жанузаков, Калмурат Садиев өңдүү чиновниктер кызматынан кетирилсин, Жалалабат жана Ош облустарындагы Элдик кеңештин төрагалары Жусупбек Жээнбеков жана Анвар Артыков облус жетекчилери катары таанылып, президент тиешелүү жардыктарга кол койсун деген талаптарды коюшту. Бул күнү Ош шаардык кеңешинин сессиясы өтүп, кеңеш шаар мэри Сатыбалды Чырмашевге ишеним көрсөтүлбөй, анын ордуна Мамасадык Бакиров шайланды. Ал буга чейин мэрдин орун басары болуп иштеген. «Азаттыктын» Оштогу кабарчысынын маалыматы боюнча 23-мартта Ошто мамлекеттик администрациянын алдында нааразылык акция улантылды. Ага катышкан жаштар президент Аскар Акаев өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөн чыгарды, саясий абалга баа бере албай калды деген пикирлерин айтышты. Шаарда айыл-кыштактардын келген жаштардын агымынын көбөйгөндүгү байкалууда. Алар Бишкекке сапарга чыгуу үчүн ыктыярдуу тизмеге жазылып жатышат.

XS
SM
MD
LG