Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

М.Горькийдин эстелгинин жанындагы пикетке кочкорлуктар келип кошулду


БИШКЕК. 23-мартта Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанында “Арнамыс” саясий партиясынын 100 ашуун мүчөлөрү, айрым саясатчылар пикет өткөрүшүп аларга Кочкор районунан келген 30 чамалаш адам кошулду. Түштөн кийин “Арнамыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевди, Аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялиновду жана партиянын 6 мүчөсүн, Кочкор районунан келишкен 4 аялды, пикетке тиешеси жок көчөдөн өтүп бараткан 2 адамды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан 2 “Икарус” автобус менен милиция кызматкерлери келишип күчкө салып Бишкектин убактылуу кармоочу жайына алып кетишкен. Ал жерден “Арнамыс” партиясынын төрага орун басарын жана партия мүчөлөрүн, бейтааныш эки адамды бошотуп, Кочкор районунан келген 4 аялды кармап калганын “Арнамыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев билдирди.

XS
SM
MD
LG