Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Абдыганы Эркебаев оппозиция менен сүйлөшүүгө ниеттенип жатат


БИШКЕК. Оппозиция менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин «Алатоо» кабарлары обого чыгаар алдында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев билдирди. Анын айтымында, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мурдагы төрагасы Алтай Бөрүбаев ырасмий бийликтин бийик даражалуу өкүлдөрү катары кандай шартта болсо да оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Эркебаевдин билдиргенине караганда, жаңы шайланган парламент легитимсиз, ага жараша анын алгачкы отурумун жана ал кабыл алган чечимдер мыйзамсыз.

XS
SM
MD
LG