Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Оппозициянын талаша турган эч нерсеси жок деп айтылууда


БИШКЕК. Оппозиция бир командада кызматташат жана бөлүшүп-талаша турган проблема жок. Мындай пикирин түшкө чейин берген маалымат жыйынында Алмаз Атамбаев билдирди. Анын пикиринде Курманбек Бакиев, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев өндүү саясатчылар президенттикке талапкердигин бирдей коюуга жол ачык. Кандай болгон учурда да оппозиция бир командада, бир принцип менен иштеши керек жана президент беш жылдан ашык мамлекетти башкарбашы керек. Анткени бийликте андан ашык туруу кыргыздын менталитетине дал келбейт, деп билдирди Алмаз Атамбаев. Оппозиция бирге экендигин Бишкектин күн батыш жагында өткөн митингдин учурунда Роза Отунбаева да билдирди.

XS
SM
MD
LG