БИШКЕК. Метеорологиялык борбордон маалымдашкандай март айынын 25нен 28ине чейин аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болот. Жамгыр жаап, 27-28-мартта ал карга айланып, Чүй, Талас облустарынын өрөөндүү жерлеринде, Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0 градустан -2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк гүлдөп жаткан мөмөлүү дарактарга терс таасирин тийгизиши ыктымал.
25-мартта Кыргызстанда ала булут каптап турат. Ысыккөл, Нарын облустарында жамгыр жаабайт. Калган аймактарда жаан-чачындын болушу күтүлөт.
Абанын температурасы:
ЧҮЙдө түнкүсүн +7...+12, күндүз +13...+18 градус жылуу.
ТАЛАС, ЖАЛАЛАБАТ, ОШ, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +13...+18 градус.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН дубандарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14 градус жылуу.
БИШКЕКте күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +16...+18 градус.
Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор Кубат Оторбаев.