Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Эркебаев сүйлөшүүнү, Ибраимов президенттик мыйзамдуу шайлоону туура көрүшөт


БИШКЕК. Өкмөт үйү демонстранттар тарабынан алынгандан кийин Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев оппозиция менен сүйлөшүү сунушу тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен бирге ырасмий бийликтин бийик даражалуу өкүлдөрү катары кандай шартта болсо да оппозиция менен сүйлөшүүсү зарыл деп эсептеди. Эркебаевдин билдиргенине караганда, жаңы шайланган парламент легитимсиз, ага жараша анын алгачкы отурумун жана ал кабыл алган чечимдер мыйзамсыз. Кызматынан кеткен мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов демонстрацияга чыккан элдин аракеттерин мыйзамсыз деп эсептеди. Анын оюнда президент Акаев бийликти мыйзам чегинде, шайлоо жолу менен өткөрүп бериши керек.

XS
SM
MD
LG