Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Феликс Кулов түрмөдөн чыкты


БИШКЕК. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын 5 жылдан бери түрмөдө отурган лидери Феликс Кулов бошоду. Ушул эле күнү кечинде жергиликтүү улуттук телеберүү аркылуу элге кайрылып, элди тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке чакырды:

- Менимче, Курманбек Бакиев, Өмүрбек Текебаев, башка депутаттар менен кеңешип, бул маселени укуктук негизде, конституциялык тартипте чечишибиз керек. Кийин бизди чогулуп алып, мыйзамдуу чече алган жок деп чече албай койду деп айыптабашы керек.

Ушундай пикирин билдирген Феликс Кулов азыркы шартта президент Аскар Акаев элге кайрылып, бийликти ырасмий өткөрүп бериши зарыл деп эсептеди. Феликс Кулов андан соң аянтта турган митингчилерге жана өкмөт үйүн тегеректеп тургандарга кайрылып, аларды сабырдуулукка чакырды.

XS
SM
MD
LG