Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Кыргызстанда бийлик координациялык кеңешке өттү


БИШКЕК. 24-мартта оппозиция лидерлери жыйын куруп, анда Координациялык кеңеш түзүлдү. Анын төрагалыгына Курманбек Бакиев шайланды. Координациялык кеңеш алгачкы маселелер катары коопсуздук, тартипти сактоо маселесин карап, элдик кошуундар түзүлдү. Бакиевдин кыргыз телекөрсөтүүсү сүйлөгөн сөзүндө коргоо министри Эсен Топоев жана ага жардамды Исмаил Исаков берерин, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов өз милдеттерин аткара берерин, ал эми ички иштер министринин милдетин Абдылда Суранчиев менен Алымбай Султанов аткараарын билдирди. Бакиев бардык мамлекеттик кызматкерлерди өз милдетин аткара берүүгө чакырды.

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Аскар Акаевдин өлкөдөн чыгып кеткенин, ал эми өкмөт башчы Николай Танаев кызматтан кеткендиги жөнүндө арыз жазганын кабарлады. Анын айтымында, учурда өлкөдө Координациялык кеңеш жогорку бийлик болуп саналат.

XS
SM
MD
LG