Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:22

Кытай АКШ менен Түндүк Кореяны конструктивдүү кадамдарга барууга чакырды


Кытай АКШ менен Түндүк Кореяны Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу үчүн конструктивдүү кадамдарга барууга чакырды. Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Түндүк Корея премьер-министри Пак Пон Чжунун Пекиндеги визити бул багытта олуттуу жылышка алып келген жок.

Түндүк Корея премьер- министри мурдарак кытай жетекчилигине Пхеньян сүйлөшүү столуна качан зарыл деп эсептегенде кайтарын билдирген эле.
Түндүк жана Түштүк Кореядан башка АКШ, Кытай, Орусия, Жапония, катышып жаткан сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы июнь айына калтырылды. Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампалары натыйжа берген эмес.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG