Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Фишерге каршы АКШда ачылган кылмыш иши жабыла элек


АКШ өкмөтүнүн айтымында, шахмат боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Роберт Фишерге каршы кылмыш иши жабыла элек. 1990-жылдардын башында Югославияга каршы санкциялар жарыяланганына карабай, Фишер 1992-жылы Белград шаарында өткөн чемпиондук үчүн оюнга катышкан жана кылмыш иши ошону менен байланышту ачылган. Чемпион былтыр Жапанияга келгенде кармалган, бирок АКШга өткөрүлүп берилген эмес жана кечээ күнү Исландия ага өз жарандыгын берди, анткени 1972-жылы Рейкьявик шаарында өткөн оюнда Роберт Фишер алгачкы жолу дүйнө чемпиону болгон.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Нарын Айып даярдады.

XS
SM
MD
LG