Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Грузия президентинин айтымында, анын жардамын президент Акаев четке каккан


Грузия президенти Михаил Саакашвили кечээ күнү кечинде Украинага кызмат сапары менен келди. Ал президент Виктор Ющенко менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулайт. Тбилисиден кетээр алдында ал журналисттер менен жолугуп, Кыргызстандагы окуялар тууралуу пикирин билдирген:

-Түзүлгөн абалды тынчтык жолу менен чечиш үчүн бийлик жана оппозиция ортосунда ортомчу бололу деп биз президент Аскар Акаевке сунуш кылганбыз. Тилекке каршы, ал биздин сунушубузду кабыл албастан, оппозициянын баарын кылмышкерлер деп атады. Мен ага макул эмесмин. Мен билем, алардын арасында өтө жоопкерчиликтүү адамдар бар жана биз аларга кайрылып, президент менен анын үй бүлөсүнүн коопсуздугуна кепил болууга чакырабыз. Мыйзам бузуулар болбош керек.

Саакашвили Украинда ишембиге чейин болот.

XS
SM
MD
LG