Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Владимир Путин Кыргызстандын жаңы бийлиги менен иштешээрин билдирди


РИА "Новостинин" маалыматы боюнча орус президенти Владимир Путин Кыргызстандын жаңы бийлиги өлкөдөгү кырдаалды тезирээк колуна алат деп ишенет.

"Биз оппозициянын лидерлери кырдаалды эртерээк колуна алып, абалды оңдойт деп ишенебиз", -деди президент Путин Ереванда өткөн пресс-конференцияда.

"БУл адамдар бизге жакшы белгилүү", - деп кошумчалады Путин оппозиция лидерлери мурда башкаруучу кызматтарда иштегенин эске салып.

"Алар Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик мамилени жакшыртууга жакшы салым кошушкан. Мындан ары да биздин мамиле Орусия менен Кыргызстандын элдеринин бакубаттыгы үчүн ушул багытта түзүлөт деп ишенеи", - деди Путин.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстандагы окуялар бийликтин алсыздыгынан жана социалдык-экономикалык проблемалардан улам болду деп билдирди. "Ошондон улам биз мындай окуяларды күткөнбүз", - деп кошумчалады ал.

Путин КМШ мамлекеттеринин дагы биринде бийликтин алмашуусу укуктук эмес жол менен чечилгенине өкүнгөнүн айтты.

Владимир Путин эгер Аскара Акаев Орусияга келем десе аны кабыл алууга даяр экенин да билдирди.

XS
SM
MD
LG