Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Акүй элдик кошуун тарабынан кайтарууда


БИШКЕК. 25-мартта өкмөт үйү нааразылык акциясына чыккан адамдардан бошотулуп, элдик кошуундун 100дөн ашуун ыктыярдуу күзөтчүлөрү тарабынан кайтарууга алынып, Ак үйдүн ичи иретке келтирилип калган. Ал эми сыртында 2 аскердик чатыр, боз үй тигилип, Ош, Жалалабат облусунан, Кочкор районунан келген адамдар, шаар тургундары турушкан. Кечке маал боробордук Алатоо аянтында турушкан 6 миңге чукул жаштар, көпчүлүгү алагүү болуп алышкан, алар “Курманбек Бакиев чогулган эл менен сүйлөшүүгө келген жок, ал элди өз кызыкчылыгына колдонду" дешип, Ак үйдү кайрадан ээлеп алып, имарат ичин талкалап киришти. Андан соң Жогорку Кеңешти жана “Айчүрөк” дүкөнүн ээлеп алууга ураан чакырып дүргүп жөнөшкөндө депутат Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев көпчүлүктү токтотуп калды. Бирок айрым ээн баштар Байтик көчөсүндө жайгашкан соода түйүндөрүн талап-тоношту.

Акүйдү талкалап кеткенден кийин бир нече саат өткөн соң Ак үйдүн алдында курал катылган жер төлөө табылган, анда 80ге жакын Калашников автоматы жана жаңы үлгүдөгү УЗИ автоматтары, 1000 данаа ок табылган. Аны учурда элдик кошуундун күзөтчүлөрү катуу көзөмөлгө алууда.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG