Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Кайрылууну Аскар Акаев өзү жазган-жазбаганы белгисиз


БИШКЕК. 25-мартта түштөн кийин «Кабар» маалымат агенттиги кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин кыргыз элине кайрылуусун жарыялады. Кайдан келгени белгисиз экендиги кабарланган кайрылууда Акаев Кыргызстанда Конституцияга карама-каршы келген мамлекеттик төңкөрүш жасалгандыгын жана аны бир ууч авантюристтер менен козголоңчулар бийликти кылмыш жолу менен алуу үчүн ушундай жолду тандагандыгы айтылат. Өзү бөөдө кан төгүлбөшү үчүн өлкөнү таштап кеткендигин жана кылмыш жолу менен бийликке келген күчтөр элге жакшылык алып келбесин билдирип, мыйзамсыз жолго түшкөндөрдү өлкөнү мурдагы калыбына кайра алып келүүгө чакырган.

Өзүнүн өлкөдөн тыш жерде болушу убактылуу экендигин жана мыйзамдуу түрдө шайланган президент катары Кыргызстандагы бардык саясий окуялар менен бирге экендигин да белгилеген.

XS
SM
MD
LG