Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Казакстандын оппозициясы Кыргызстандагы ыңкылапты колдоодо


БИШКЕК. “Казакстандын акыйкаттыгы үчүн” демократиялык күчтөрдүн блогу Кыргызстандын демократия жана эркиндик үчүн жеңишин кызуу куттуктады. Анда Кыргызстанда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда коррупцияга белчесинен баткан жана мыйзамсыздыктын күчөшүн көрсөткөн Акаевдин үй-бүлөлүк - кландык режими эл тарабынан кулатылгандыгы айтылат. Кыргызстандагы ыңкылап демократиялык өнүгүүнүн башталышы болуп, укуктук мамлекетте эркин коомду куруусуна, натыйжалуу экономикалык өнүгүүсүнө тилектештигин белгилеген. Мындай тарыхый учурда оппозиция лидерлерин элди биримдиги үчүн коомдо бейпилдикти түзүп, мыйзамдын негизинде демократиялык өнүгүүнү камсыз кылаарына ишенерин, жеңиши менен сыймыктанаарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG