Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Р.Отунбаева: «Оппозиция өкмөт үйүн алууну көздөгөн эмес»


БИШКЕК. «Кыргыз оппозициясы өкмөт үйүн күч менен басып алууга даярданган эмес». Мындай билдирүүнү 25-мартта өткөн маалымат жыйынында Координациялык кеңештин мүчөсү Роза Отунбаева билдирди. Анын айтымында, оппозиция президент Аскар Акаевди өз кезегинде мыйзам чегинде кызматтан кетүүгө мажбурлоо максатын көздөгөн. Бирок бийликти жактаган айрым күчтөрдүн Алатоо аянтына 500гө чукул спортсмендерди даярдап жиберип, чагым салганы себеп болду. «Алардын каршылыгына кабылган жаштар жаалданып, дароо өкмөт үйүн алышып, күтүүсүз кырдаал түзүлдү,-деген Роза Отунбаева,- азыр тартипти жөнгө салуу толук колго алынгандыгын билдирди». Роза Отунбаеванын айтымында, элдин мындай күтүүсүз аракетке барышына жакырдык жана президенттин үй-бүлөсүнө нааразылык түрткү берди.

XS
SM
MD
LG