Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Кайыңды кант заводу элдин колунда


БИШКЕК. 25-мартта Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Капталарык, Жайылма, Күрпүлдөк, Ортоарык, Кайыңды, Киров, Чалдовар айылдарынын 500дөн ашуун тургуну Кайыңды кант заводунун имаратын ээлеп алышты. Аталган заводдун ээлери болуп келишкен Казакстандык ишкерлер качып кетишкен. Учурда кырдаал нааразылык билдиргендердин лидерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, Панфилов райондук администрациясынын жетекчилигине кант заводун эл тарабына кайтарып берүү талабын коюшууда. Эгерде райондук бийлик туура чечим кабыл албаса, нааразылык билдиргендер райондук администрация имаратын басып алууга чейин барышаарын билдирген. Бул тууралуу нааразылык иш чарасынын катышуучусу телефон аркылуу кабарлады. Ал эми Панфилов райондук администрациясы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG