Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Аскар Акаевдин кайда экендиги тууралуу так маалымат жок


БИШКЕК. Кызматтан четтетилген президент Аскар Акаев түшкөн учак Орусияга учуп баратып, багытын өзгөртүп Казакстандын Алмата шаарына жакын жерге конгон. Көп өтпөй анын үй-бүлөөсү дагы Ми-8 тик учагы менен Казакстанга жеткирилген. Мындай маалыматты ИТАР-ТАСС агенттиги таратты. Президенттин басма сөз кызматы Аскар Акаев жана анын үй бүлөсү учурда кайда экени тууралуу так маалымат жоктугун билдиришти. Ал эми мурдакы премьер-министр Николай Танаев 25-мартта эртең мененки саат 10 чамасында Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен чыгып келатып, “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, автоунаасына түшүп кетип калган.

XS
SM
MD
LG