БИШКЕК. 25-мартта «Эркиндик» партиясы «Эл ыңкылабы жеңди» деген билдирүү таратты. Анда 24-март Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш күн экендиги баса белгиленип, эми 3 айдын ичинде президенттик шайлоо өткөрүүнү, 6 айдын ичинде пропорционалдык-мажоритардык негизде парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды. Андан тышкары партия 2002-жылкы Аксы окуясында курман болгондор үчүн, Кытай, Өзбекстан жана Казакстанга жер өткөнү үчүн, 1995- жана 2000-жылы шайланганы үчүн кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевге каршы кылмыш ишин козгоону талап кылды. Ошондой эле Акаевдин жан-жөкөрлөрү болгон 19 адамдын сот алдында жооп берүүсү керектигин билдирди.